Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖамгыр алдындагы чымчыктар. Архив
Жамгыр алдындагы чымчыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
11-июнга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз айрым райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +28…33, Талас жеринде +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +19…+24, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градусту түзөт.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +31…+33 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0