Күндүн табы 40 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПразднование международного дня защиты детей в Бишкеке
Празднование международного дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Апта ичинде Ош, Жалал-Абад шаарларында күндүн табы 39 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми ишембиге барып бир аз салкындайт.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин өткүн өтөт. Ал эми бейшембиде күн ачык болот. Жума жана ишемби күндөрү да жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

7-10-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтүшү ыктымал. Ал эми 11-июнда кээ бир райондордо, 12-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк регионунда бейшембиге чейин күн чайыттай ачык болот, кээ бир аймактарда гана өткүн өтүшү ыктымал. Жума күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, ишембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.

Ысык-Көл облусу

10-июнга чейин күн ачык болот, бирок өткүн өтөрү эскертилди. 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Ал эми 12-июнда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо дагы 10-июнга чейин күндүн көзү бузулбайт. 11-12-июнда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0