https://sputnik.kg/20210606/kyrgyzstan-koronavirus-ehmdoo-1052741108.html
Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөндөр 40 миңден ашты
Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөндөр 40 миңден ашты
Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда. 06.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-06T09:12+0600
2021-06-06T09:12+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
коронавирус
вакцина
эмдөө
"спутник v" вакцинасы
https://sputnik.kg/img/07e5/06/05/1052741138_0:0:2991:1682_1920x0_80_0_0_22944d936ef70da445265801d10710db.jpg
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы 42 029 адам толугу менен (эки дозаны тең алды) эмделип бүттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын 5-июнга карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.Ал эми биринчи ирет эмделгендерди кошкондо алардын саны 86 883кө жетет. Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарына вакцина жеткирилген.Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" препаратынан 190 миң доза алып келинген.Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сентябрь айына чейин бир миллион адам вакцина алып бүтөрүн билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/05/1052741138_130:0:2861:2048_1920x0_80_0_0_8a4cf0bda09a978fa7efdc7bb6ea08ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, вакцина, эмдөө, "спутник v" вакцинасы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, вакцина, эмдөө, "спутник v" вакцинасы
Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөндөр 40 миңден ашты
09:12 06.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы 42 029 адам толугу менен (эки дозаны тең алды) эмделип бүттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын 5-июнга карата берген маалыматында көрсөтүлгөн.
Ал эми биринчи ирет эмделгендерди кошкондо алардын саны 86 883кө жетет. Бир күндө 2 500гө чукул кыргызстандык вакцина алып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда. Негизинен өлкөнүн бардык аймактарына вакцина жеткирилген.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө
29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" препаратынан 190 миң доза алып келинген.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сентябрь айына чейин бир миллион адам вакцина
алып бүтөрүн билдирген.