Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПолет фантазии по облакам
Полет фантазии по облакам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
6-июнга караган түнү Ош облусунан башка аймактардын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымал. Анткен менен өрөөндөрдө жана Баткен облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Трасса Бишкек — Торугарт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Боом капчыгайында 7-11-июнда кыймыл чектелет
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас жергесинде +33...+38, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +23...+28 градус болору айтылды.
Борбор калаада жана Ошто күн ачык болот. Термометр Бишкекте +35...+37 градусту көрсөтсө, Ош калаасында күндүн табы +37...+39 градуска чейин жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0