Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн катуу ысыйт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАла-Тоо аянтындагы фонтандын жанында жүргөн балдар. Архив
Ала-Тоо аянтындагы фонтандын жанында жүргөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Кыргызгидромет өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ишембиден дүйшөмбүгө чейин күн катуу ысый турганын эскертти.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 5-7-июнь күндөрү күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 37...39 градуска чейин жетет. Ал эми Таласта 36…38 градус ысык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0