Күндүн табы канчага көтөрүлөт? Жайдын алгачкы жумасына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАномальная жара в Бишкеке
Аномальная жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Жуманын башында өлкөнүн бардык аймактарында жаан жаабайт, ал эми аягында абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ичинде борбор калаада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми шаршемби, бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусу

Бул аймакта апта ичинде катуу жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк региондорунда дагы бул жумада күн ачык болот. Кээ бир жерлерде гана өткүн өтүп, жамгыр себелейт.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында дагы башка дубандар сыяктуу жаан-чачын болбойт.

4-5-июнга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

Вид на ледники Гренландии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Окумуштуулар сымап эриген мөңгү менен кошо сууга куюлуп жатканын аныкташты

4-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-июнда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0