Жумушу жоктор кайсы аймакта көп? Иш издегендердин саны 5%га көбөйдү

© Sputnik / Эмиль СадыровАйыл тургундары. Архив
Айыл тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (23 миң киши), Ош (19 миң) жана Баткен облустарында (10 миң) жашайт. Калган аймактарда иши жок адамдардын саны 7 миңден төмөн.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу иш издегендер 5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди.
"2021-жылдын апрель айында өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 102 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 5,3 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.
Аял ноутбук менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Өлкөдө аялдардын канча пайызы иштеп, кандай пенсия алат. Статистика
Ал эми жөн гана жумушсуздардын саны 79,1 миң киши экени белгилүү болду, бул 2020-жылдын апрель айына караганда 1,4 пайызга көбүрөөк киши кирешесиз отурат дегенди түшүндүрөт.
Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (23 миң киши), Ош (19 миң) жана Баткен облустарында (10 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7 миңден төмөн.
Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 46,3 пайызы аялдар.
Жаңылыктар түрмөгү
0