Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЗастройка многоэтажных домов в Бишкеке
Застройка многоэтажных домов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
27-майга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градуска чейин жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0