Дем алышта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Аптанын акыркы эки күнүндө аба ырайы өзгөрүп турары айтылды. Ишембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр жааса, жекшемби, 23-майда, күн ачылып, абанын температурасы жогорулашы мүмкүн.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, ишемби күнү, 22-майда, көпчүлүк аймактарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир жерде күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы ыктымал. Ал эми жекшембиде абанын температурасы жогору болору божомолдонду.
Бишкек шаарында эки күн катары менен күн ачык болуп, аба 30 градуска чейин ысышы ыктымал.
Чүй, Талас облустарында 22-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүүсү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 23-майда күн ачык болору айтылды.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 22-майда түнкүсүн көпчүлүк жерге, күндүз айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. 23-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.
Ысык-Көлдө 22-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 23-майда түнкүсүн жамгыр жаашы ыктымал. Күндүз тоолуу райондорго кар түшүшү божомолдонду. Анткен менен дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Нарын облусунда 22-майда жана 23-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 23-майда күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу жакта ал карга айланышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0