Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Синоптиктер жайдын биринчи айы болгон июнда эң ысык температура 37 градусту көрсөтүп, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде аптап болорун кабарлады.
БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көп облустарында абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болорун божомол катары берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык температурасы
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык температурасы - Sputnik Кыргызстан
1/2
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык температурасы
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны - Sputnik Кыргызстан
2/2
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны
1/2
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык температурасы
2/2
2021-жылдын июнь айында Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, +22…+24 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9...+14 градустан +17…+22 градус, күндүз +21… +26дан +25…+30 градуска чейин чыгат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +9…+14кө чейин, күндүз +16…+21ден тарта +21…+29 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде болуп, +19…+21 градустун чегинде турары айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6...+11 градустан +13...+18ге чейин, күндүз +20...+25тен тарта +29...+34 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-31 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы +23…+25 градус, тоо этектеринде +18…+20 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +17…+22 градуска чейин, күндүз +23…+28ден тарта +32…+37 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден, +13…+18 градуска чейин, күндүз +20…+25тен тарта +29…+34 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (13-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 44-59 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, +23…+ 25, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +17…+22 градуска чейин, күндүз +24…+29дан тарта +32…+37 градуска чыгары айтылды.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден +13…+18ге чейин, күндүз +19…+24төн тарта +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (30-32 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-92 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп +23 …+25, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градуска жетери айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +18…+23кө чейин, күндүз +24…+29дан тарта +32…+37 градуска чыгары божомолдонууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын болушу күтүлөт (19-21 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, аба ырайы болжол менен +15…+17 градусту көрсөтөрү айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10дон +11…+16 градуска чейин, күндүз +15…+20дан тарта +23…+28 градуска жетери болжолдонду.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп орточо эсеп менен +14…+16 градустун тегерегинде кармалып турары айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7ден +18…+13кө чейин, күндүз +15…+20дан тарта +24…+29 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (38-56 мм).
Жаңылыктар түрмөгү
0