Шашылыш билдирүү: жакынкы күндөрү сел жүрүп, көчкү түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Бишкек-Ош жана тоолуу аймактардагы жолго чыккандарга автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сөзсүз сактоо керектиги айтылды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Алдыдагы үч күндө жана бүгүн күндүн ысышынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
"4-5-майда температуранын жогорулашына байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү жана коркунучтуу ченемге жакындап, ашып да кетиши мүмкүн. 6-7-майда күндүн ысышына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар", — деген билдирүү таратты Кыргызгидромет.
Андан сырткары, күндүн ысыгынан улам кар көчкү түшүү кооптуулугу да жаралган.
4-6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай кооптуулук Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолундагы Кара-Кысмак капчыгайында, Кара-Буура ашуусунда, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда да бар.
Маалыматта автоунаалар жүрүп бара жатканда ортосундагы 500 метр аралык сөзсүз сакталыш зарылдыгы эскертилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0