Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас жергесинде +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын өрөөнүндө +21…+26 градуска чейин жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градусту түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0