Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
3-майга караган түнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас жергесинде +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +33…+35 градус болуп жылыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0