Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековАза күтүү күнүдө түшүрүлгөн желек. Архив
Аза күтүү күнүдө түшүрүлгөн желек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Маалыматта чек ара чырынан тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирилгени белгиленди.
БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу
Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кабыл алынды:
  • 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргызстанда улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;
  • улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;
  • улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;
    Кыргызстандын өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0