Шаршембиге карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКүндөн калкаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым тилкелеринде муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым тилкелеринде муз тоңуп, тайгак болот.
Күндүн табы Чүй облусунда +28…+33, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын жергесинде +18…+23 градус жылыйт.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0