Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр энергетики и промышленности КР Кубанычбек Турдубаев
Министр энергетики и промышленности КР Кубанычбек Турдубаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.
"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.
Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.
"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.
Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.
Жаңылыктар түрмөгү
0