Күн жылуу болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЖашылданган дарак. Архив
Жашылданган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Апта бүтүп бара жаткан күнү, тагыраагы, ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми жекшембиде кээ бир жерлерде жаан жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта бүтүп бара жаткан күнү, тагыраагы, ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми жекшембиде кээ бир жерлерде жаан жаашы ыктымал.
Чүй, Талас облустарында 10-апрелде жана 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-апрелде күндүз жана 12-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо жакта кар жаашы ыктымал.
Төө-Ашуу ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Ашууларга кар көчкү түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 10-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы жогору болору айтылды. 11-апрелде күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Ал эми Ысык-Көлдө аптанын аягында жаан-чачын күтүлбөйт. Нарында жекшемби күнү жаан жаашы мүмкүн.
Бишкекте дагы 10-апрелде күн жылуу болуп, абанын температурасы 22 градуска чейин жете турганы маалым болду. Бирок 11-апрелде күндүн көзү бузулуп, жаан жаай турганы боолголонуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0