Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровКөгүчкөн. Архив
Көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Буга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана күндүн жылышына байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бейшемби, 8-апрелде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Өлкөнүн калган региондорунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, ал эми Ысык-Көл, Нарын аймагында +6...+11 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +19...+21 жана Ош калаасында +20...+22 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0