Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
6-апрелге караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, тоо этектериндеги аймактардын төмөн жерлерин суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +4…+9 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбордо +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0