Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
4-апрелге караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +19…+24, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +21…+23, Ош шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0