Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
2-апрелге караган түнү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Талас жергесинде +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +8…+13, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +6…+8, Ош шаарында +11…+13 градус болору болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0