Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
31-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас жергесинде +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -1…+4 грудус болот.
Күндүн табы Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0