Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / LUIS ROBAYOКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
27-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлүп, кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +15…+20, Талас жергесинде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Нарын өрөөнүндө +8…+13 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0