Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 23-мартта күндүз облустардын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас өрөөнүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын жергесинде +5...+10 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +18...+20, Ошто +19...+21 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0