13:17 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
2413 0 0

19-мартка караган түнү жамгыр жаашы мүмкүн. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9, Нарында +2…+7 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+21, Ошто +20…+22 градусту көрсөтөт.

Тема боюнча

Суук болобу? Апрель айына карата аба ырайы
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ