Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровАйыл тургуну. Архив
Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
17-мартка караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын айрым райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус болот.
Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жааса, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Термометр борбордо +1…+3, Ошто +4…+6 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0