Күн дагы сууктап, жолдорго муз тоңот. ӨКМ билдирүү таратты

© Sputnik / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүМорозы в Новосибирске
Морозы в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жайыттарда мал кармоо, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындай турганы айтылат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, абанын температурасы дагы төмөндөй турганын эскертти.
Бүгүн, 15-мартта, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Бишкек — Ош жолундагы тыгын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
15-16-мартта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
15-17-март күндөрү Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус, Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
ӨКМ төмөнкү аймактарда кар көчкү түшөрүн жана жолдорго муз тоңорун эскертет:
  • Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары, Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр — Талас — Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 74-115-чакырымдары;
  • Ала-Бука — Жаңыбазар — Кировка жолундагы Чапчыма ашуусу;
  • Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдары;
  • Ош — Сары-Таш жолунун Талдык жана Катын-Арт ашуулары;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 98-136-чакырымдары;
  • Казарман — Актал-Чат жолундагы Ийри-Суу тилкеси, Кара-Гөө ашуусу.
Бул аймактарда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0