Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКар тонгон жалбырактар. Архив
Кар тонгон жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 15-мартта күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Өлкө аймагында жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0...-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0..+5, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын жергесинде -2...+3 градус болот.
Бул күнү Бишкекте күн ачык болсо, Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Термометр борбор калаада -1...-3, Ошто +2...+4 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0