Күн жылып, кайра муздайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековВесна в Бишкеке
Весна в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Аптанын алгачкы күндөрү аба ырайы жылуу болуп, жаан жаабай турганы маалым болду. Жуманын экинчи жарымынан тарта күндүн көзү бузулушу ыктымал.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Билдирмеге караганда, келерки аптада аба ырайы туруксуз болот. Айрым аймактарда жаан карга айланса, кээ бир жерлерде күн ачык болушу күтүлүүдө.
Чүй, Талас облустары
7-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганы айтылды. Эртең менен жана күндүз айрым райондордо жаан карга айланышы ыктымал. 8-мартта күн ачык болсо, 9-10-11-мартта Чүйдө жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы божомолдонууда.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда 8-9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 7, 10, 11-мартта жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
7-8-мартта Көлдө күн жылып, жаан жаабай турганы божомолдонду. Ал эми 10-11-мартта күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондоруна кар жаашы ыктымал.
Нарын облусу
7-8-9-мартта тоолуу аймакта күн жылуу болушу божомолдонууда. 10-марттан тарта жаан жаап, 11-мартта кар жаашы мүмкүн.
Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0