Өлкө аймактарында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу пландалууда

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЦеремония открытия детского сада №81 "Балапан" в Оше
Церемония открытия детского сада №81 Балапан в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Мындай бакчаларда бөбөктөр үч саат гана боло турганы айтылды. Балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү боюнча иш жүрүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бала бакчалар "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында салынып, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
"Учурда министрлик райондук администрация жетекчилиги, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана тиешелүү облустагы айыл өкмөт башчылары менен онлайн жыйындарды өткөрүп жатат. Жыйында долбоор тууралуу маалымат берилип, балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, кыска мөөнөттүү бала бакчанын модели жана аны ачуу шарттары түшүндүрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындай бакчаларда бөбөктөр үч саат гана боло турганы айтылды. Балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү боюнча иш жүрүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес.
Церемония открытия детского сада №81 Балапан в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2021
Ош шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Сүрөт
"Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлүп, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат. Мындай бакчаларды алыскы жана тоолуу аймактарда, чек арада жайгашкан айылдарда жана этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачуу мерчемделген", — деп жазылат билдирмеде.
Учурда жергиликтүү бийликтен арыздарды кабыл алуу жүрүп жатканы кошумчаланды. Аталган бакчаларда иштөө үчүн 700 тарбиячы окутуудан өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0