Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДарактагы кар. Архив
Дарактагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
27-февралга караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0