Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
23-февралга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жамгыр жаашы болжолдонду. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +8…+10 градус болору кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0