19:18 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
4537 0 0

Синоптиктердин божомолуна караганда, келе жаткан жума бир топ жаан-чачындуу болот. Тоолуу аймактарга кар түшүп, күн кайрадан сууктайт.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагы боюнча күн кайрадан сууктап отуруп, аптанын аягына жакын айрым аймактарда күндүз -10...-16 грудаска чейин жетет.

Чүй, Талас облустары

21-22-февраль күндөрү Талас жана Чүй аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 23-24-февралда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. 24-25-февралда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө ушундай эле аба ырайы жуманын экинчи жарымына чейин кармалат.

Ысык-Көл облусу

Көл аймагында 22-февралдан тарта 25-февралга чейин кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, аптанын аягында 15-20 метрге жетет.

Нарын облусу

Нарын облусунда бүгүндөн баштап мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Бардык региондордогудай эле күн сууктайт.

Аптанын акыркы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Тема боюнча

Жаз кандай башталат? Мартка карата аба ырайы
Белгилер:
кар, аба ырайы, апта, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ