Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
20-февралга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус болот.
Бишкекте жана Ошто жаан-чачын күтүлөт. Күндүн табы борбордо +5…+7, Ош шаарында +10…+12 градус болору кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0