Жаз кандай башталат? Мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан аялдар. Архив
Көчөдө бараткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Синоптиктер белгилегендей, жаздын алгачкы айында күн өтө деле ысып кетпейт. Тоолуу аймактарда суук кармалса, түштүк аймактарда кээ күндөрү абанын температурасы 25 градуска чейин жетери айтылды.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги март айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын март айындагы орточо температура
Среднемесячная температура по Кыргызстану в марте 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын март айындагы орточо температура

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 4…6 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылыйт. Күндүз абанын температурасы 5…10 градустан 17…22 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда. Кээ күндөрү -3 градуска чейин суук болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 3…8 градустан 12…17 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Айрым күндөрү 0…-5 градуска чейин суук жүрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу айтылды.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын март айындагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в марте 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын март айындагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 2…4 градус жылуу болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан 1…6 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 5…10 — 17…22 градус болуп улам өзгөрүп турушу мүмкүн.
Кээ күндөрү -3 градус сууктан 2 градуска чейин жылышы ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу божомолдонууда.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түшүм чогултуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары

Ош менен Баткенде абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт. Жалал-Абадда 7...9 градус жылуу болору божомолдонду.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1 градус сууктан 10 градуска чейин жылуу болсо, күндүз абанын температурасы 9…14 градустан 25 градуска чейин жетип, күн ысышы ыктымал.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус сууктан 15…20 градуска чейин жылып, абанын температурасы өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 1…3 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 1…6 градуска чейин жылып, өзгөрүп турат. Чыгышында айрым түндөрү -5…-10 градуска чейин муздашы ыктымал. Күндүз абанын температурасы 1…6 градустан 9…14 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2° жылуу болушу күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот. Бирок кээ күндөрү абанын температурасы -13…-18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…5 градустан 9…14 градуска чейин жылыйт деп божомолдонууда. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -3…-19 градуска чейин жетсе, күндүз 11 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0