Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТоого жаап жаткан кар. Архив
Тоого жаап жаткан кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
13-февралга караган түнү жааган жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Таласта +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5…+10, Нарын жергесинде +2…+7 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +16…+18 градус болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0