Саатына жараша төлөнөт. КРде эмгек акы тутумун өзгөртүү каралууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан кыз. Архив
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанда негизинен оклад системасы, тагыраагы, бир календардык ай ичинде төлөнгөн эмгек акы жайылтылганы белгилүү.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында эмгек акы тутумун өзгөртүү жолу аркылуу эмгек рыногун өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" деген аталыштагы программасында жазылган.
Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жаңы өкмөт элди "жакырчылыктын тузагынан" чыгарууну убадалады. Программа
Андагы "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн эмгек акы тутуму өзгөрөрү айтылат. Бардык секторлордо эмгек акы ордуна саат боюнча эмгектенген ишти баалоо тутуму жайылтылат.
Ушул пункт боюнча программада кененирээк маалымат жазылган эмес. Өзүнчө токтом чыгышы ыктымал.
Кыргызстанда негизинен оклад, тагыраагы, бир календарлык ай ичинде эмгек үчүн төлөнгөн система кеңири жайылган. Ошол эле учурда, мисалы, мугалимдерге саатына карап да акы төлөнөт.
Сааттык эмгек акы негизинен Европа өлкөлөрүндө жана АКШда колдонулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0