Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 1-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Таласта +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -1...-6 градус болот.
Бул күнү борбор калаада кар жааса, Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +12...+14 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0