Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында жана үч облуста күн жылышы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда эртең, 26-январда, күн ачык болорун Кыргызгидромет божомолдоду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүгө салыштырмалуу айрым аймактарда бир аз жылуу болушу мүмкүн.
Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүз –2…+3.
Талас облусунда түнкүсүн 10-15 градус нөлдөн төмөн, күндүзү –1…+4.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн –5...–10, күндүз +2…+7.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн –7...–12, күндүз –3…+2.
Нарын облусунда түнкүсүн –17...–22, күндүз –2...–7.
Ош шаарында түнкүсүн –6...–8, күндүз 1-3 жылуу болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10-13 градус нөлдөн төмөн, күндүз +1…+3 болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0