Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиде жааган кар ушуну менен токтоп, апта ичинде күн ачык болот. Жума соңунда абанын температурасы жогорулайт.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында жааган кар жекшемби күнү токтоп, дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Жума соңунда абанын температурасы жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облустарында 25-28-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 25-январда кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы 28-январга чейин жаан жаабайт. 25-январда айрым аймактарда туман түшөт.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Бул аймактарда дагы дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот.
Ал эми апта аягы, 29-30-январь күндөрү, өлкө аймагында жаан-чачын жаабай турганын болжолдойт синоптиктер. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0