Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСнег в Казани
Снег в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын айрым аймактарында кар, кээ бир райондорунда жамгыр жаашы болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Таласта +10…+15, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +12…+14 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0