Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСитуация с общественным транспортом в Бишкеке
Ситуация с общественным транспортом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-январга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Таласта +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл жергесинде +2…+7, Нарын өрөөнүндө -1…-6 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +10…+12 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0