Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТоодогу кар. Архив
Тоодогу кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-январга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шейшембиде өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Талас өрөөнүндө +9…+14, Ысык-Көл жергесинде -1…+4, Нарында -7…-12 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +9…+11 градус болору кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0