Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
11-январга караган түнү республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 11-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында +2...+7, Баткен жергесинде +3...+8, Ысык-Көл -1...+4, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +6...+8, ал эми Ошто +4...+6 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0