Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПодготовка избирательных участков в Бишкеке
Подготовка избирательных участков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-январь, жекшембиге караган түнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жекшембиде Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0...+5, Таласта +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө -3...+2, Баткен аймагында -1...+4 градуска чейин жетсе, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +3...+5 градус жылуу болсо, Ошто 0...+2 градуска чейин жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0