Жума күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
8-январга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 8-январь, жума күнү, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында эртең менен жана күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн. Республиканын башка өрөөндөрүндө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1...-6, Ысык-Көлдө -4...+1, ал эми Нарын жергесинде -8...-13 градуска жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада -6...-8 градус суук болсо, Ош калаасында -4...-6 градуска жетери болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0