Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
30-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрь, шаршемби күнү, өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас өрөөнүндө -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында -2…+3, Нарын аймагында -4…-9 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр борбордо -1…-3, Ошто +1…+3 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0