Сууктун мындан аркы каары кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар тазалап жаткан Тазалык кызматкери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы аптада өлкө аймагында абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Синоптиктер өткөн жумадагыдай суук болбой турганын айтышты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбү күнү бир аз кар жаашы күтүлөт. Шейшембиден бейшембиге чейин күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Талас облустары

21-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүйдүн кээ бир жерлерине да кар түшөт. Талас облусунда күн ачык болот.

Ал эми 22-24-декабрда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

21-декабрда түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абаддын тоолуу райондоруна кар түшсө, дыйканчылык аймактарда жана Баткен облусунда күн ачык болот.

22-24-декабрда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

Медиктер кышында баш кийим кийбегендерге кайрылып, үч кесепетин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Медиктер кышында баш кийим кийбегендерге кайрылып, үч кесепетин айтты. Видео
21-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаап, ал эми дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт.

Ал эми 21-декабрда күндүз жана 22-декабрда түнкүсүн кээ бир аймактарда кар жаашы ыктымал.

22-декабрда күндүз жана 23-24-декабрда күн ачык турат.

Нарын облусу

21-декабрда Теңир-Тоонун кээ бир райондоруна кар түшөт. Бирок 22-24-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

25-26-декабрь күндөрүнө карата Кыргызстандагы аба ырайына божомол

Апта аягы — жума күнү жана ишембиде түнкүсүн аба ырайы бузулбайт. Ал эми күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0