Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздук күч алган. Статистика

Жазылуу
Жумушсуздук көп катталган аймактардын сап башында Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустары турат. Ал эми иш жоктор эң аз катталган аймак Талас облусу.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Акыркы жылдар аралыгында Кыргызстанда жумушсуздук бир аз азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2013-2018-жылдар аралыгындагы сандарды салыштыруу менен жазды.

Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
COVID кесепетинен ишсиз калгандарга жөлөк пул берүү сунушталды. Шарты
Ага ылайык, 2013-жылы республика боюнча ишсиз жүргөндөр 8,3 пайыз болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 6,2 пайызга түшкөн.

Аймактарга бөлүп карай турган болсок, жумушсуздарын эң көбү Баткен (9 пайыз), Нарын (8,8 пайыз), Ысык-Көл (8,4 пайыз) облустарында байкалат.

Ал эми эң аз катталган аймак Талас облусу. Көрсөткүч — 2,5 пайыз.

Комитеттен кошумчалашкандай, жер-жерлерде жакырчылыкка дагы деле дал ушул көрүнүш себеп болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0