Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө аймагында суук болуп, жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3, Ысык-Көл өрөөнүндө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаайт. Күндүн табы борбордо -3…-5, Ош шаарында +1…+3 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0